Каракол шаарында суу-түтүктөрдү алмаштыруу бюнча 10 % эле бүткөрүлдү

Каракол шаарында таза суу маселеси көйгөй жаратып келет. Бул маселени колго алыш үчүн шардык мэрия Швецария мамлекетинин  “ СЕКОВ” долбоорунун алкагында 2005-жылдан бери иш алып арып келет. Учурда Каракол шаарынын суу түтүктөрүн алмаштырууга чет өлкөдө тузулгон долбоордун 1-фазасы аяктоодо.

Аталган долбюоордун алкагында шаардык мэрияга  үч жактуу келишим түзүлгөн. Бул долбордун негизги максаты суу тазалоочу жайды, атайын техникадларды оңдоо жана  Пристань Прежевальск  кыштагындагы  скважиналарды оңдоп-түзөө ошондой эле  “Суу түтүк” ишканасын өнүктүрүү.  Аталган өлкөнүн “СЕКОВ”  долбоордун негизинде шаар ичиндеги суу түтүктөрдү оңдоого  320 миллион сом, ал эми Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинен 3 миллион сом каралган. Учурда аталган иштердин 10 пайызы гана аткарылгандыгын Каракол шаарынын  “ Суу-түтүк ” ишканасынын жетекчиси Сабырбек Өмүрканов билдирди:

“ Бизде 200 км суу түтүгү болсо ,  15 км болсо ошондо 10% га жакын эле алмашып атат.  Эми биз анын баарын алмаштырыш үчүн көп акча керек. Биз негизги иштен чыгып калган суунун өткөрүгө болбой калган түтүктөрдү алмаштырып жатабыз. Анын барын алмаштырууга аябай көп каражат керек”

Бул мезгилге чейин таза суу жетишпей келгендиктен   аталган долбоор мындан ары улантылса шаар тургундарына суу эсептегичтерди коюп, таза суу көйгөйү чечилерин айтты:

“ Бизде таза суу жетишпей атат жайкысын суу жетпей элдерде көп көйгөйлөр бар да суу тууралуу. Элдин баары суунун сугат иштерине колдонушат. Ошол себептен биз суу эсептегичтерди койсок, таза сууну  баарына жетиштүү кыла алабыз”

-дейт “ Таза суу” иш канасынын жетекчиси  Сабырбек Өмүрканов.

Бүгүнкү күндө  долбоордун негизинде  элчилер келишип, 1-фазаны жыйынтыктоо боюнча  Суу түтүк” ишканасынын кызматкерлери жана шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда шаардык  кеңештик депутаттарынын төрагасы Уланбек Турсунбаев 2-фазанын келишими түзүлө электигин айтты;

“ Бул биринчи фаза бүткөндөн кийин экинчи фаза түзулмөк. Экинчи фазанын келишими тузулө элек. Булардын келгенинин себеби биз менен 3 талап койгон. Биринчи талабы арыктарды ондогула деп, экинчиси тарифтерди өзгөртүү, үчүнчүсү Суууу түтүк ишканасын ондоо. Бүгүнкү күнү биз ар бир талабын аткардык”

Ал эми  Швецариядан келген элчилер 2-фаза боюнча так маалымат айта албастыгын билдиришти. Себеби, алар 1-фазада кандай жыйынтык болгондугун  көрүш керек:

“  Биринчи фазаны бүткөндон кийин максатыбызга жетттикпи жеткен жокпузбу аларды көрүп канча пайыз жеткендигибизди караштырып 2-фаза тууралуу сүйлөшө алабыз. Азырынча так айталбайбыз ”- дейт “ СЕКОВ” долбоорунун менеджери  Ули  Рамзайев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *