Жети-Өгүздүктөр Саруу айылынын жолун бүгүнкү саат 11ге чейин ачышууда

Кечөө, 26-ноябрда Саруу айылына чогулган митингчилер Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоровдун жана Ысык-Көл облустук ИИБнин жетекчиси Эмилбек Сариевдин жеке суранычы менен бүгүн саат 11:00гө чейин Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун ачышты.
Митингчилер эгерде өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев саат 11ге чейин келбесе, жолду кайрадан тосушаарын билдиришти.
Эскерте кетсек кэчөө митингчилер Кумтөр эл пайдасына чечилсин жана 7-октябр Каракол шаарындагы баш аламандыктагы балдар бошотулсун деген талаптарды коюшкан. Алар облус жетекчисин жолугушууга чакырып, бирок ал келбей калгандыгына байланыштуу Саруу айылынын жолун жабышкан. Ал эми Э.Каптагаев бүгүн алар менен жолугууга физикалык жактан жетишпей турганын айтып, эртең келээрин билдирген.
Учурда тынчтык митингин уюштуруучулар өкмөттүн облустук ыйгарым укутуу өкүлүн күтүшүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *