Караколдо жаштар борбору ачылды

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында жаштардын башын бириктирүү максатында ошондой эле 2015-жылга чейин жаштар саясатын өнүктүрүү стратегиясына ылайык жаштар борбору ачылды. Ага КРдин эмгек, миграция жана жаштар, өкмөттүн Ысык-Көл облустук өкүлчүлүктөн, Каракол шаардык мэриядан жана шаардын жаштары катышты. Каркол жаштардын шаары деп аталып келгени менен бул учурга чейин жаштардын башын бириктирүүчү атайы аянтчанын жоктугу, көпчүлүк жаштарды нааразы кылып келген. Себеби шаар калкынын 28% болгон жаштарга бул учурга чейин шарттар болбой келгенин жаштар лидери Азиз Абакиров айтат:

“Көп жаштар айтат. Биз кайда барып айтсак болот?! Биз кайсыл жакка мисалы үчүн аземдерди ачып, тренингдерди өтсөк болот. Кайсыл жакка барып жаштар менен жолугуп, жакшы таанышсак кайсы жер бар-деп сурашат”- дейт А.Абакиров.

Мындай көйгөйлөрдөн улам жаштар борборунун ачуу демилгеси үстүбүздөгү жылдын февраль айында көтөрүлгөн. Аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик жана КРдин эмгек, миграция жана жаштар министирлиги тарабынан каржы булактары изделип, борборду түзүү үчүн бир катар аракеттер көрүлгөнүн Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов билдирди:

“Өтө мен ыраазычылык айткым келет. Каржылаган ГЕЙЗЕТ долбоорунун өкүлдөрү отурат. Булар биздин жаштарга каржылап, өздөрүнүнүн эсебинен. Биздин кабинеттерге мебел жана техникасын алып беришти. Биздин жергиликтүү бюджеттен депутаттар 100 миң сом акчалай бөлүп беришти. Бул акча кабинеттин ремонту каралды. Мындан ары биз жаштар менен дайым, алгылыктуу иштерди алып баралы деп жатабыз. Жаштар-бул жалпы мамлекетибиздин келечеги”-дейт Каракол шаарынын мэри.

Эми мындай мүмкүнчүлүк менен шаар жаштары биргеликте иш алып барып, алардын башын бириктирүү максатында борбор үч багытта иш алып барарын Каракол жаштар борборунун жетекчиси Азамат Аманатов кабарлады. “Азыр биз 3 багытта иш алып баралы деп жатабыз. Биринчи багытыбыз, экономикалык жактан, социалдык жактан жана жаштардын маданиятын көтөрүү тармагында үч багытта иш алып барабыз”-дейт А. Аманатов.

Ал эми облуста мындан сырткары декабрь айынын соңуна чейин дагы 3 борбор ачыларын КРдин эмгек, миграция жана жаштар министирлигинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүү статегиясына ылайык өлкө боюнчада иштер аткарылып жатканын министир Алясбек Алымкулов билдирип өттү.

“Министирлик тарабынан 42 жаштар үйү жана жаштар борборлору ачылды. Анын 38и жаштар борбору райондук денгээлде, төртөсү жаштар үйү дейбиз облустук денгээлде. Ошол жаштар үйү, жаштар борборун тамашалап айтабыз биз кумурсканын үйүндөй болуш керек деп кирп жатканы чыгып жатканы билинбей активдүү катышып. Себеби дегенде жаштар сиздер 21-кылымда жашап жатасыздар маалымат техниканын кылымында. Бул учурда ар бир жаш интернетти билиши керек. Ар бирибиз проект жазганды билишибиз керке. Аалам менен тең өсүшүбүз керек. Ошол үчүн мен сиздерге каалайм жаштар борбору кандай максат менен ачылса, ошол максатына жетсин”- деди КРдин эмгек, миграция жана жаштар министир Алясбек Алымкулов

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *