Облустагы Түп районунун тургундарына келээрки жылдын жаз айынан баштап, кыргыз казак чек арасы боюнча окутуулар болот. Бул окутууну жүргүзүүгө быйыл башкармалыктан чечим кабыл алынган. Бул тууралуу Ысык-Көл чек ара кошунунун зардалы Кыялбек Төлөнбаев билдирди.
Анын айтымында аталган райондун арбир айылынан чек арага ыйгарым укуктуу кылып, жумушчу катары 1ден киши алышат: “ 2014-жылдын жаз айларынан тартып, окутуу жүргүзөбүз. Андан сырткары райондун ар бир айылынан 1 ден киши алып чек арага ыйгарым укуктуу кылып жумушчу кабыл алабыз.. Аларга айлык маяна кылып, 8миңден 10 миң сомго чейин төлөп беребиз”-дейт К.Төлөнбаев.