Каракол шаарында Ч.Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленет

Каракол шаарында “ Студенттин илимий практикалык конференциясы” деген темада белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленет. Ал республикалык деңгээлде өткөрүлүп, башка университетинин жамааттары да келип катышат. Иш-чараны К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети уюштурууда. Бул тууралуу филология, педогогика жана искусство факультетинин кыргыз адабият кафедра мүчөлөрү билдирди.
Маалыматка ылайык иш-чара Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулуп,анда атайын жазуучунун чыгармалары театралдаштырылып сахнага коюлмакчы. Ошондой эле окуу жайдын студенттерине жазуучуга арналган дилбаяндарды, ырларды жазууга конкурс жаыяланды. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктар берилет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *