Казакстанга камакка алынган Түп районунун тургундары бошотулду

Түп районунун Ичке-Суу, Корумду жана Түп айылдарынын тургундары үстүбүздөгү Казакстандын абагына түшүп учурда алар бошотулду.

Корумду айылынын тургуну Мирлан  Бекировдун айтымында алар чек араны билбестен коңшу өлкөгө мал издегени барышкан. Жыйынтыгында Казак элинин чек ара кызматкерлери минип жүргөн аттарын тартып алышып чек ара күзөтүнө алып барышкан;“ Ашуудан карасак малдар көрүнөт. Биздин койчбуз экендеп малын айдашып коелу деп барсак алар куфайкасын чечип салып бизди кармап алышты. Колунарды көтөргүлө деп мылтык такашты. Биз аттан тушуп бердик. Ошол эле учурда  “Жылаңач” күзөтүнө алып барышты. Ал жерде документтерди териштирип 13 күндөн н кийин бизди Кегенге ИВСке алып барды. Сот болуп бизге 2 айга арес берди. Жыйынтыгында 1 жылга соттоп чыгарды”-дейт М.Бекиров.

Ал эми ушул эле айылдын тургуну абактан бошонуп келген Бактыбек Мамбеталиев абакта жатканда үй-бүлөсүндө кыйынчылык болгондугун айтты;“ Бир топ эле кыйынчылыктар болуптур. Чоңдорго барышса эч жардам болбоптур. Бизди үчүнчү часттан экинчи частка тушту деп, бирок аларда андай жок экен. Болгону 1-2- часть эле бар экен. Үйдөгүлөр акча берип бизди чыгарып алышты” – дейт Б.Мамбеталиев.

Ал эми Ысык-Көл облусунун 20-28 аскер бөлүгүнүн саркери мындай даректерди четке кагат: “ Биз кыргыз жарандары мыйзамды бузуп камакка түшкөндө Казахстан чек ара кошулушунун зардарлары менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кат менен да кайрылып жаттык. Чек арадан өтүп кеткен малдарды чыгарып бердик. Эгер биз аларга жардам бербегенибизде алар соттолуп кетмек ”-дейт Кыялбек Төлөнбаев.

Эскерте кетсек: Камакка алынган кыргыз жарандардын минип жүргөн аттары казакстан сотту өткюөрүлгөндөн кийин кайтарылып берилет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *