Ысык-Көл облусундагы жаштардын лидерлери авто жүруш жасашты

Кечөө, Каркол шаарында Ысык-Көл облусундагы кыргызстан жаштар кеңеши жана ар бир райондогу жаштардын лидерлери менен биргеликте көлду айлана турган авто жүруш жасашты. Алар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкулү менен жолугушуп, өз талаптарын айтты. Тынчтык митингин уюштуруучулардын бири өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкулүнө үч талап койгондугун билдирди;
“ Биздин максатыбыз облустагы чечилбей жаткан маселелердин тез арада чечилишине талап коюп жатабыз. Алардын ичинен 3 талап койдук биринчиси Кумтөр маселеси, экинчиси экологиялык постту ишке киргизип андан түшкөн каражатты облустун керегине жаратуу ал эми үчүнчү маселе Көк-Мойноктогу уран ыгарылуучу жайды ачтырбоону талап коюп жатабыз”-дейт Максат Касенов.
Бул авто жүрүшкө жаштар лидерлеринен сырткары Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Зарылкан Урумова да катышты. Ал өз сөзүндө экологиялык постто 2 жылдан бери кассир болуп иштеп келип, ачыктан ачык акча желип жаткандыгын айтты:
“ Экопосттон ачыктан ачык акча жемей, анткени мен да ал жерде эки жыл иштегем. Постко 3 миллионго картриджный система киргизген анысы да иштебей калды. Ошондо да мамлекет 3 миллионго жакын чыгым болду. Анадан сырткары экология министири Атажанов өкмөткө убада берген эле, 11 миллион түшчу акчаны мен 300 миллион кылып түшүрөм деп, учурда таптакыр каражат жок”-дейт З.Урумова.
Коюлган талаптарга облустук ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев өз сөзүндө мындай маселелер чечилээрине убада берди жана ЖК депутаттарынын чечимин күтүүнү билдирди:
“ Экопост боюнча жаңы директор иштеп жатат. Азыр браконьерствого каршы күрөштөр үч айлык өтүүдө. Мындай күрөштөр кыйынчылыкка кабылчу эмес, анткени ага экопосттон түшкөн каражат бөлүнчү. Биз дагы ушул маселени көтөрүп ждатабыз. Ал эми Көк-Мойнок уран азия жөнүндө маалыматым жок. Ал эми Кумтөр маселеси боюнча ЖК чечимин күтүшүбүз керек”-дейт Э.Капагаев.
Жыйынтыгында авто жүруштү уюштуруучулар экопст маселесинин чечилишине 1 жума убакыт беришип, эгер чечилбесе кайрадан мөөнөтсүз митингдерди уюшурабыз деп жыйынтыктап тынч тарап кетишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *