Каракол лыжа базасынын жолдору көзөмөлгө алынат

Караколдогу кышкы базага кетчүү жолду атайын кызмат көзөмөлгө алуу үчүн иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол көзөмөлдөө коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди.

Анын айтымында, ушул убакка чейин Каракол лыжа базасына кетчүү эки жарым километр токой жолдору көзөмлгө алынган эмес. Жол эрежелерин туура сактоо үчүн облустук аппарат, МАИ кызматкерлеринен жети адам жумасына график менен кызмат өтөшөт. Ошондой эле: “Токой шлагбаум посттору коюлду. Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуктун өкүлчүлүгү М.Асанакуновго кайрылып жатабыз. Жол эрежелери тууралу белгилер жетишсиз. Ошол маселени чечип берсе жакшы болмок”,-дейт Н.Калмурзаев.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *