Караколдун мэриясы шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин ишине нааразы

Каракол шаардык мэриянын аппараты шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисин алмаштыруу өтүнүчү менен Билим берүү министирлигине 2 жолу кайрылды. Вице-мэр Гүлназ Орозова акыркы кат ноябрь айынын аяк ченинде жиберилгенин билдирет.

Анын айтымында, министирликке кайрылууга билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Аманболду Жанузаковго бир нече актылар түзүлгөндүгү себепкер болгон. “Аманболду Жанузаковдун жумушка келгенин жумасына бир же эки жолу гана көрөбүз, калган күндөрү мас абалында жүрөт. Өз ишин так аткарса жакшы болмок”, – дейт Г.Орозова.

Өз кезегинде А.Жанузаков бул сөздөрдү четке кагат. “Мен актыларды өз көзүм менен көрө элекмин, эгер көрсөм жооп берем. Экинчиден, жумуштан бир кабинетте отура бербейбиз, себеби шаардык мектептерге, бала бакчаларга барып көзөмөлдөп турушубуз керек” – дейт.

Мэрия А.Жанузаковду иштен алууну акырына чейин чыгарууну максат кылууда. Акыркы катка да Билим берүү министрлигинен эч бир жооп болбосо, дагы да кайрылуу болоорун билдирет Г.Орозова.

Учурда Каракол шаардык мэринин аппараттары билим берүү министирлигине жөнөтүлгөн каттын жообун күтүудө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *