Жети-Өгүздө митингдерге каршы митинг өтүү

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында тынчтык митинги өтүү. Ага 150 гө чукул адам катышты. Келген тургундар Саруулуктардын талаптарын колдоорун билдириши, ошол эле учурда аларды мыйзамды сактоого чакырышты. Саруу элинин талаптары тура экендигин, бирок ошол эле учурда мыйзамдуулукту сатоо керектигин жана  ары- бери өткөн унааларды текшерүү, жол тозу тура эместигин катышуучулар билдиришкен.

Ошондой эле Жети- Өгүз районун жаштары Саруулуктарды мыйзамдуулукка үндөөдө. «Жети- Өгүз жаштарынын атынан өзүм теңдүү курдаштарды тынчтыкка чакырат эле. Мисалы жол тозуулар  элге терс таасирин тийгизген учурларда болуп атат. Мисалы өткөн жол тозууда Оргочор  айылына тойго келе жаткандар, жолдун жабыгынан Чолпон- Ата менен айланып келиши көп чыгаша алып келген. Ошондой эле менин досум үй- бүлөөсү менен келе жатканда, анын унаасын текшеришкен. Алардан унаадагы кичинекей балдар коркуп ыйлаган. Ошол себептен мындай жолдордон алыс болууга чакырат элем»- дейт Жети- Өгүз жаштарынын төрөгасы Урмат Макаев.

Айта кетке учурда  чогулган эл тарады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *