АК-СУУ РАЙОНДУК “КЕРЕК-ЖАРАК” КООМУНУН ИМААРАТЫ АРЗАН БААДА САТЫЛГАН

2 млн 200 миң сомду түзгөн Ак-Суу райондук “Керек-жарак” коомунун имараты 70 миңге сатылган. Ортодон айрым кызматкерлер пайда көрүшкөн. Бул тууралуу, Ак-Суу райондук Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча коомдук бирикмесинин кординатору Тамара Темирова билдирди

Анын айтымында аталган коом жоюлгандан кийин 120 соода түйүнү жана кеңселер менчиктештирилип, алардын 13 имараты коомдун карамагында калтырылган.“Учурда “Керек-жарактын” жетекчилери мыйзамсыз аракеттерге барышууда. Ак-Суу кооперативинин азыркы жетекчилери үлүш бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы, төраганын орун басары, башкы эсеп кысапчысы өздөрү токтом чыгарып, 2 млн 200миңсомдук имаратты 70 миң сомго баалап менчикке чыгарышкан . Биз облустук экономикалык кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнө арыз менен кайрылдык. Учурда алар тарабынан иликтөо иштери жүргүзүлүп күнөөлөрү мойнуна салынды. Аталган мыйзам бузуу боюнча иш Ысык-Кол облустук прокуратурасына өткөрүлүп иликтөо иштери жүрүүдө”-дейт Т.Темирова.Ал эми Ак-Суу райондук керек жарак коомунун төрагасы Турат Шайкенов дарегине айтылган айыптоолорду четке кагат:

“Биринчиден Тамара Темирова кооперативдин мучөсү эмес, экинчиден бизге бийлик кийлегише албайт себеби биз, жеке ишканабыз. 2006-жылдары керек жарак коомуна тиешелүү имараттар 458 миң сомго бааланып, элге таратылган. Учурда 2 кенсе жана 7 кампа калды. Эгерде прокуратурадан иш каралса мен бардык тиешелүу документтерди көрсөтүп бере алам”-дейт Т.Шайкенов.

Бул иш тууралуу Ысык-Көл облустук прокуратура териштирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *